• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ленин районундагы шайлоо. Милиция добуш сатып алуу фактысы боюнча тергөө иштерин баштады

28 Бугу 2023 11:58 Бишкек Govori.TV

Интернетте добуштарды сатып алуу үчүн үй комитеттеринин бирине жымжырттык күнү акча бөлүштүрүлгөн видео пайда болду.

Видеодо талапкерлердин биринин үгүт штабынын кызматкерлери накталай акча тапшырганы айтылууда.

Шектүү кечээ кечинде Ленин РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган. Тергөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, видеону Дамира Ниязалиеванын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу атаандашы Эртай Исаков тараткан. Ага карата да БШКга арыздар келип түшкөн. Текшерүү пландаштырылган.

Бүгүн Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өтүп жатат.

Количество просмотров: 568