Ливиянын бийлиги 9-февралда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы чөлдө 50дөй мигранттын сөөгү жапырт көмүлгөн экинчи жайды табышты. Биринчи мындай мүрзө 7-февралда Куфр шаарынын жанындагы фермадан аныкталган. Ал жактан 19 мигранттын сөөгүн чыгарышкан.
«Аль-Абрин» кайрымдуулук уюму билдиргендей, мигранттардын айрымдары атып өлтүрүлгөн болушу мүмкүн.
Буга чейин тартип коргоо органдары Куфрада адам аткезчилиги менен алектенген борборду аныкташкан. Атайын операцияда ал жакта кармалып турган 76 мигрант бошотулган. Үч адам мигранттарды мыйзамсыз кармоо жана аларга кыйноо көрсөтүүгө шектелип кармалды.
Мигранттардын сөөктөрү жапырт көмүлгөн жайлар Ливияда былтыр дагы табылган. Африка менен Жакынкы Чыгыштан Европаны көздөй багыт алган мигранттар үчүн Ливия транзиттик өлкө катары саналат.
Булак: Азаттык.