• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

2 Бештин айы 2022 10:35 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Виноградный айылында жыгач устундуу темир калай менен жабылган мечиттин жалпы 120 чарчы метр чатыры, полу жана 2 даана пластик терезеси күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында “Фолксваген гольф” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан келип чыккан.

Чүй облусунун Кемин районундагы Чолок айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 4 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 6 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 101