15-17-декабрда өлкө аймагында аба ырайы кескин начарлайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңуп, тайгак болот. Тоолуу аймактарда күрткү пайда болушу ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатары кошумчаланды.