Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Анын маалыматына караганда, 4-5-ноябрда өлкө аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жааган жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
4-5-ноябрда жана 6-ноябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп:
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
6-ноябрда түнкүсүн жана эртен менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.