• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өлкө аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

13 Чын куран 2021 10:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөө күн мурун, 12-апрелде саат 20:25те Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 156