• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкө аймактарында жол белгилери жаңыланууда

19 Баш оона 202511:32 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн бардык аймактарында эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» жана «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылууда.

Белгилей кетсек, Транспорт министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана тарабынан жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 7 227 жол белгиси чыгарылды.

Мындан тышкары, жолчулар тарабынан жол сызыктарын чийүү, аялдамаларды актоо сыңдуу жалпы жол тейлөө иштери жигердүү жүрүп жатат.

Количество просмотров: 87