• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаңы муниципалдык 5 мал базар ишке берилет. Алар кайсы жерлерде курулууда?

26 Жалган куран 20259:19 Бишкек Govori.TV

Жыл аягына чейин жаңы муниципалдык беш мал базар курулуп, ишке берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, Кадамжай райондорунда жана Бишкек шаарында салынууда.

Ошондой эле, учурда жергиликтүү бийлик менен биргеликте Өзгөн жана Кемин райондоруна да жаңы мал базар куруу үчүн жер бөлүнүп берилди. Жакынкы арада алардын да курулуш иштери башталат.

Эске салсак, 2024-жылы муниципалдык жети мал базар курулуп ишке берилген. Алар Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда ачылган.

Количество просмотров: 490