• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Өлкөдө 1-3-апрель күндөрү үшүк жүрүшү күтүлөт

31 Жалган куран 2023 13:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-3-апрель күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин алдындагы Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында температура 0…-2° чейин төмөндөйт.

2-3-апрелдерде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.

Количество просмотров: 171