Апта башында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында туруксуз аба ырайы сакталып, жамгыр жаап жатат. Ал эми аптанын ортосуна күндүн жылуусу күтүлөт.
Маалыматка ылайык, 14-апрелде өлкөнүн айрым аймактарында күндүн +30°Cге чейин ысышы күтүлөт.
Белгилей кетсек, аба ырайынын кескин өзгөрүүсү коңшу өлкөлөрдө да катталууда. Алсак, Казакстандын айрым аймактарында күндүн илеби +30°Cге чейин жетсе, айрым аймактарда үшүк жүрүүсү күтүлүүдө.
Ал эми Түркмөнстанда 12-13-апрелде аномалдуу ысык аба ырайы күтүлө турганы кабарланган. Айрым аймактарда абанын температурасы 40 градустан жогору болору көтөрүлөт,