• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Өлкөдө 400 миң адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

22 Теке 2021 9:35 Бишкек Govori.TV

Эмдөө боюнча республикалык кампаниянын башталышынан тартып 100 миңден ашык адам эмдөөнүн толук курсунан өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ошентип максаттуу топтун ар бир жыйырма төртүнчүсү вакцинанын эки компонентин алды.

Ошондой эле министрлик эмдөөдөн өткөн дээрлик 400 миң адамдын 100 миңден ашууну эмдөөнүн толук курсун алганын белгилейт.

«Мындай абал бизди жамааттык иммунитетке жетүүбүзгө, өлкөнүн бардык аймактарын «жашыл зонага» өткөрүүгө жана көнүп калган жашоого кайтуубузга жакындатат.

Бардык жарандарды эмдөөдөн өтүүгө, бет кап тагынууга жана физикалык аралыкты сактоого чакырабыз»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 57