• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөдө акча которуу эрежелерине өзгөртүү киргизилди

19 Чын куран 2022 12:57 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланат.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системалары штаттык режимде иштеп жатат. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.  

Өзгөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды белгилейт. Акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот. Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Которулган акчаны алып /жөнөтүп жаткан учурда ал Кыргыз Республикасынын аймагында турган алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма менен конвертацияланышы мүмкүн. 

Количество просмотров: 147