• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Өлкөдө бир сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды

3 Баш оона 2020 9:44 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 2, Ош шаарында — 1, Ош облусунда — 2, Чүй облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 5 жана Баткен облусунда — 1 өрт катталган.

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодское айылында «Форд транзит» үлгүсүндөгү автоунаанын салону толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле Кара-Балта шаарында Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Селекционная көчөсүндө ачык аянтта 250 чарчы метр куураган чөп күйгөн.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында Темир контейнерден салынган 110 чарчы метр эки кабаттуу үй толугу менен, ошондой эле 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелерин бузулушу болгон.

Количество просмотров: 77