15-декабрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 120 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын Балыкчы шаарында ишке беребиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги Алтай шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жапаров ошондой эле учурда курулуп жаткан 100гө жакын ГЭС, күн жана шамал электр станциялары 2028-жылга өлкөнү энергетикалык кризистен чыгарууга өбөлгө болорун белгиледи