• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Өлкөдө сутка ичинде 22 өрт кырсыгы катталды

20 Аяк оона 2021 11:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Арал айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол-Коргон айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн 144 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Күмүш-Азиз айылында аянты 90 чарчы метр бастырма толугу менен, 120 түк чөп жана 20 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 64