• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өлкөдө тамеки жана никотин камтыган продукциянын баасы көтөрүлөт

22 Жетинин айы 2022 13:00 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы токтому менен тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене баалар белгиленди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Минималдуу чекене баанын жогорулашы тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү кыскартып, калктын саламаттыгына оң таасирин тийгизет.

Токтомго ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып акциздик товарлардын төмөнкү түрлөрүнө минималдуу чекене баалар киргизилет:

– ТЭИ ТН 2402 коду менен классификацияланган чыпкалуу сигареттер жана чыпкасыз сигареттер – 20 даана сигарет үчүн 100 сом. Колдонуудагы минималдуу чекене баа – 20 даана тамеки үчүн 90 сом;

– ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган цилиндр формасындагы ысытуучу тамекиси бар заттар (ысытуучу тамеки таякчасы (стик), тамекиси бар ысытуучу капсула) – 20 даана үчүн 100 сом;

– ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган бир корпустагы никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку колдонулуучу электрондук системасы – 1 бирдик үчүн 250 сом. Бул сумма 2024-жылдын 1-январынан тартып 300 сомду түзөт;

– ТЭИ ТН 8543400000 коду менен классификацияланган электрондук сигареттер жана буга окшош жеке электр буулантуучу түзүлүштөр (никотин жеткирүүнүн электрондук системасы) – 1 бирдик үчүн 1300 сом. Бул сумма 2024-жылдын 1-январынан тартып 100 сомго көбөйөт.

Количество просмотров: 205