• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөгө коронавирустун 3-толкуну качан келээри айтылды

14 Чын куран 2021 16:33 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну май айынын соңуна жана июнь айынын башына туура келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«2020-жылы биз коронавирустун 2 толкунун өткөрдүк. Биринчиси — июнь-июль айларында биздин өкмөт жана Саламаттыкты сактоо министрлиги даяр болбогондуктан көп жоготуулар болгон. Экинчиси — октябрь, ноябрь, декабрь айларында болду. Ага даярдык көрүп калып, көп жоготуусуз өткөрдүк.

Июнь-июль айларында ооруган адамдардын, жаш балдардын, коронавирустун жеңил түрү менен ооруган адамдардын антителосу аз болгондуктан, алар кайра коронавирус жуктуруп, башкаларга дагы жуктуруп баштайт. Ошондуктан биз даярдыктарды көрүп жатабыз.

Биринчи толкунда кетирген каталарды экинчи толкунда кетирген жокпуз. Себеби көп ооруканаларда орун жетпей, жарандар сыртта калып, ошол кезде ПЧР-тесттерди 2 эле лаборатория алып, анализдердин жыйынтыктарын убагында чыгара албай калып жаттык. Дары-дармектер жок болуп калып, кээ бир бизнесмендер дарыларды 10, 20, 100 эсеге көбөйтүп жиберишти. Ошондо жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору жетпей калып, абдан кыйналышты эле.

Биринчи толкунда бизге ыктыярчылар жардам берип, бейтаптарды өздөрүнүн унаалары менен ташышкан. Азыр Кыргызстандын 90 пайызын тез жардам унаалары менен камсыздадык.

Үчүнчү толкунга даярдыктар абдан жакшы жүрүп жатат», — деди министр.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 3,8 миң адам коронавируска каршы эмделди.

Количество просмотров: 6142