5-августка карата Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу.
Кыргызгидрометтин билдиришинче, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Талас, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +15… + 20
күндүз + 27… + 32
Талас облусу
түнкүсүн + 11…+16
күндүз + 25…+30
Баткен облусу
түнкүсүн + 16…+21
күндүз + 29…+34
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн + 17…+22
күндүз + 29…+34
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +10…+15
күндүз + 22…+27
Нарын облусу
түнкүсүн + 8…+13
күндүз + 21…+26
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет, абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +18…+ 20, күндүз абанын максималдуу температурасы + 29…+31.
Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +13…+ 15, күндүз абанын максималдуу температурасы + 22…+24.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги суунун температурасы 3-августта күндүз + 23,7 градус, 4-августта эртең менен +21,7 болгон.