• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү күтүлөт

9 Чын куран 2021 14:29 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-9-апрелде жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын темпратурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунун 1-14 (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-110, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш автоунаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык автоунаа жолунун 97-98, 110, 136-150 жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 78