Беларустун президенти Александр Лукашенко Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып КРдин мурдагы президенти Курманбек Бакиев тууралуу айтты.
“Бакиев жакшы жашап жатат. Биз аны силерге коё бербейбиз. Мен ага “эч жакка чыкпай Беларуста эле жашай бер” деп айттым. Жакшы жашап жатат. Кээде ал мени чакырганда конокко барып турам. Ошондуктан биз аны бербейбиз. Ал мага “жок дегенде атамдын мүрзөсүнө барып келсем” деп айтат. Кыргыздар өзүнүн президентине атасынын мүрзөсүнө баруусуна мүмкүнчүлүк бербегени акылга сыйбаган нерсе. Бул маселени азыркы өлкө жетекчилиги менен чечебиз деп ойлойм”, — деди ал.