• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Лунара Мамытова 436 миң 976 сом менен Америкага курска барган

8 Тогуздун айы 2018 14:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.10.2018.   Govori.TV

Лунара Мамытова АКШга курска бюджеттин эсебинен барганын Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева айтты.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова баасы 436 миң 976 сом турган социалдык коргоо маселелери боюнча курска өлкөнүн бюджетинин эсебинен барган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган каражаттар Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин реформалоого, маалыматтык системага, мамлекеттик жөлөк пулдардын даректүүлүгүнө, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жумшалышы керек болчу. Бул акчалар салык төлөөчүлөрдүн мойнунда.

Ошондой эле министрдин орун басары  Лунара Мамытова 2018-жылдын 30-апрелинен 11-майына чейин социалдык коргоо маселелери боюнча негизги курска катышып келген.  мында министрдин орун басарынын республикалык бюджеттин эсебинен катышуусу үчүн чыгымдар 436 миң 976 сомду түзгөн. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдун август-сентябрь айына кармалышы белгилүү болгон”, — деп айтылат депутаттын билдирүүсүндө

Количество просмотров: 34