М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын директорлугуна сынак жарыяланды
М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын директорлугуна сынак жарыяланды
23 Баш оона 202216:43 Бишкек Govori.TV
Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директорлугуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, мааалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
“Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими бар болушу зарыл;
жетекчилик кызмат орундарында иш стажы 3 жылдан кем эмес же педагогикалык стажы 5 жылдан кем эмес.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
М.Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатын өнүктүрүү программасы;
резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
кадрларды эсепке алуу баракчасы;
нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2022-жылдын 29-августуна чейин тапшырылууга тийиш.
Окуучунун өлүмү: Акыйкатчылык Абдраев атындагы мектеп-интернатка мониторинг жүргүздү
Мукаш Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернатына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, …
Мукаш Абдраев атындагы мектеп-интернатынын директору кызматынан бошотулду
Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернатынын директору Исирадин Аманбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу …