• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

М. Шеримкулов: Вышинский менен Атамбаевдин айырмасы жок

24 Жетинин айы 2018 13:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.11.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын 27 жылдан берки өсүшүндөгү мүчүлүштүгү мыйзамды сыйлабай, президенттин айтканын баарынан жогору коюлганы болуп саналат. Мындай оюн легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов элдик курултайда айтты.
Мындай оюмду 2015-жылдан бери айтып келе жатам. 2020-жылга чейин жаңы Конституция кабыл алышыбыз керек. Ар бир бийлик бутагынын функцияларын так белгиленбесе, башкаруу талашуу дагы деле улана берет. Бийликке ким келсе да, ал мыйзамдан жогору турбашы керектигин да айтты.
Президент баш болуп ар бир жаран мыйзамды сыйлоону үйрөнүүсү керектигин эскертти. Ал сөз сүйлөп жатып, Алмазбек Атамбаевдин бир канча күн мурда берген маегинде Текебаев жөнүндө айтканына токтолду.
Анда экс-президент “Мыйзамга карабай, Текебаевди каматпай койсом болмок,”-деген оюн сынга алып, ушундай аракеттин кесепетинен жапа чегип жаткан саясатчыларды атады. -Мына ошол мыйзамга карабагандыктын негизинде Текебаев, Бектур Асанов, Талгарбеков, Садыр Жапаров, Канат Исаевдердин тагдырлары мыйзамга карабай туруп, бир кишинин берген буйругунун негизинде чечилген,-деди Шеримкулов.

Айта кетсек, иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков да келген.
Количество просмотров: 37