• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мадумаров: Шайлоого катышууга үмүтүбүз чоң

4 Аяк оона 2020 11:56 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКны сотко берет. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимине сот аркылуу даттануу конституциялык укук болуп саналат жана саясий уюм аны колдонот.

“Шайлоого катышууга үмүтүбүз чоң. БШКдан тийиштүү документтерди качан алсак, ошондо Жогорку сотко кайрылабыз. Бүгүн берсе, бүгүн“ , – деди.

Партия өкүлдөрү кечээги, 3-сентябрда БШКнын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө.

Эске салсак, кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттабай койду. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 142