• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Мадумаровдун мандаты кимге тиет?

26 Чын куран 2024 17:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты.

Парламентке “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын кийинки тизмесинде турган талапкер Аккулу Бердиев келиши мүмкүн.

Бирок, азырынча бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров соттун чечимине ылайык 26-апрелге караган түнү боштондукка чыкты. Бул күнү биринчи инстанциянын чечиминин күчүнө киргенине 30 күн болду.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко даттанган эмес.

Количество просмотров: 575