• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Маевка айылында 25 млн. сомго бааланган 5,8 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

14 Бирдин айы 2022 16:43 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө,Маевка айылындагы 5,8 га жер тилкеси мыйзамсыз түзүлгөн келишимдин негизинде В.С., аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткендиги такталган.

Аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында көзөмөл органы тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, 25 млн 2 миң 255 сомдук 5,8 га жер тилкеси муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

Количество просмотров: 290