• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Махабат күнүндө сүйүктүүңүзгө кубаныч тартуулаңыз! Өзгөчө белектерге 5 идея

10 Бирдин айы 2023 18:02 Бишкек Govori.TV

14-февраль Махабат күнү жакындап калды. Сүйүктүүңүзгө кандай белек берүү жөнүндө ойлондуңузбу?

O!Store дүкөндөр тармагы мааниси бар белектер үчүн бир нече идея сунуштайт. Булар сиздерди бириктирип турган белектер!

Кооз цифралуу номерлердин жубу – экөөңөргө маанилүү күн жөнүндө ар дайым эскертип туруучу өзгөчө номерлерди тандап алыңыз. Бул сүйүктүүңүздүн туулган күнү, баш кошкон күнүңөр же сиздер үчүн маанилүү цифралардын комбинациясы болушу мүмкүн.

Жүрөктүн кагышын өлчөйт, башка функциялары да бар…

Фитнес-билерик — бул стилдүү, ыңгайлуу жана бышык. Эң бюджеттүү Xiaomi вариантынан ар бир спортчу кыялданган легендалуу Garmin вариантына чейин караштырса болот.

Сүйүктүүңүздү зымдардан жана розетка издөө убарасынан арылтыңыз

Жакыныңыз жолдо же көчөдө көп жүрсө, жакшы повербанк ар дайым пайдалуу боло алат. Сыйымдуу батареялуу моделди тандаңыз — жок дегенде смартфонду жети жолу заряддоого жетет.

Ортоңордогу сүйүү төмөнкү смартфондордун батареясы сыяктуу өчпөс болсун:

• Vivo Y22 — 5000 мАч
• Samsung A03S — 5000 мАч
• Xiaomi Poco M4 Pro 5G — 5000 мАч
• Infinix HOT 12 Play — 6000 мАч
• Tecno Pova 2 — 7000 мАч

Ушул жана башка смартфондорду O!Store дүкөнүнөн айына 1099 сомдон баштап бөлүп төлөөгө же баштапкы төгүмсүз жана пайызсыз кредитке алууга болот. Ойлонуп көрүңүз!

«Мой О!» тиркемеси менен белек берүү оңой

Алыстан көңүл бөлүү, мисалы интернет белек кылуу мүмкүн. Болгону жакындарыңыздын номерин «Мой О!» тиркемесиндеги «Менин номерлериме» кошуп, алардын балансын толуктап бериңиз. Түз эле тиркемеден «О!Деньги» капчыгы аркылуу көптөгөн белектер үчүн төлөп, сюрпризди «Жеткирүү» бөлүмүнөн курьер аркылуу алдыра аласыз. Бул китеп, гүлдесте же өзүңүзгө жаккан жайдан даамдуу белек болушу мүмкүн — баары фантазияңызга жараша.

Ар дайым сүйүктүүңөр менен чогуу болгула!

Товардын саны чектелүү. Товар тастыкталган. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ № 037 лицензиясы. КР МТБМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.

Материал жарнамалык негизде жарыяланды.

Теги:
Количество просмотров: 119