Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында үшүк жүрдү. Бул тууралуу. Govori.TVга окурмандар билдиришти.
Видео тасмадан гүл ачкан бак-дарактарды үшүк алып кеткенин көрүүгө болот.
Буга чейин Кыргызгидромет өлкөнүн аймактарында 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлө турганын эскерткен.
3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус суук болот (үшүк жүрөт).
Мындай аба ырайы жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч жаратат.