Кыргызстандын түрдүү аймактарында быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 236 жолу сел болуп, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өкмөттүн жыйынында билдиргени Министрлер кабинетинин сайтына жазылды.
Акыркы эки жумада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден 16 адамдын өмүрү кыйылганы маалымдалган. Ташкындаган суу мал-жандыкты агызып, ички жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты. Учурда Ноокат, Кара-Кулжа райондорунда жана табият кырсыгы болгон башка аймактарда сел жууган жерлерди тазалоо иштери уланууда.
«Адам өмүрүн алган сел. Табигый кырсыктын алдын алуу жолдору…» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: