• Шаршемби 24 Теке 2024
  • Среда 24 Июль 2024

Табигый кырсыктардын көбөйүшүнүн себеби эмне?

4 Теке 2024 10:54 Бишкек Govori.TV

Жерди иликтөө боюнча БА институтунун экинчи бөлүмүнүн башчысы Рыскул Усубалиев акыркы жылдардагы табигый кырсыктардын көп болуп жатканынын себептерин айтып берди.

Ал белгилегендей климаттын өзгөрүүсү бүткүл дүйнөдө болуп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын түрдүү аймактарында быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 236 жолу сел болуп, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өкмөттүн жыйынында билдиргени Министрлер кабинетинин сайтына жазылды.

Акыркы эки жумада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден 16 адамдын өмүрү кыйылганы маалымдалган. Ташкындаган суу мал-жандыкты агызып, ички жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты. Учурда Ноокат, Кара-Кулжа райондорунда жана табият кырсыгы болгон башка аймактарда сел жууган жерлерди тазалоо иштери уланууда.

Количество просмотров: 709