• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

Майдан: Кемпир-Абад боюнча маселе ушуну менен жабылдыбы? (Түз эфир)

19 Кулжа 2024 16:22 Бишкек Govori.TV

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Мамбетжунус Абыловдорго өкүм чыгарып, иштеги айыпталуучуларды актады. Акталгандар соттун актоо чечими алар үчүн күтүүсүз болгонун билдиришти.

Прокуратура соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга арызданабы, жокпу, азырынча белгисиз.

10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүнгөн.

Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Бир тобу үй камагына чыгып, ушул тапта 8 киши тергөө абагында отурат.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. 

«Кемпир-Абад боюнча маселе ушуну менен жабылдыбы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Майрамбек Жумабеков — Кыргызстан адвокаттар ассоциациясынын төрагасы;

Азиза Абдирасулова — Адам укуктарын коргоочу;

Кантемир Турдалиев — Жеңиш Молдокматов менен Эрлан Бекчоронун адвокаты;

Табылды Акеров — Саясат талдоочу.

Количество просмотров: 2769