• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Камактан чыккан Равшан Жээнбеков комментарий берди

14 Кулжа 2024 21:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Мамбетжунус Абыловдорго өкүм чыгарып, иштеги айыпталуучуларды актады.

Ал эми камактагылар соттун чечими күчүнө киргенге чейин үй камагында болмокчу.

Камактан бүгүн чыккан саясатчы Равшан Жээнбеков соттун өкүмү тууралуу комментарий берип, актоо чечим күтүүсүз болгонун айтты.

«Мен мындай чечим болот деп күткөн эмесмин. Сот адилеттүү чечим чыгарды», — деди ал.

10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүнгөн.

Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Бир тобу үй камагына чыгып, ушул тапта 8 киши тергөө абагында отурат.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр муну четке кагып, саясий куугунтук катары сыпатташууда. Соттук жараяндар жабык өтүүдө.

Количество просмотров: 401