• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кемпир-Абад иши: Абылов сотко туугандарын киргизбей жатышканын айтып нааразы болду

14 Кулжа 202414:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир -Абад иши боюнча соттук отурум уланууда. Жактоочулардын айтымында, бүгүн өкүм чыгышы мүмкүн.

Аталган иште айыпталуучулардын бири Мамбетжунус Абылов соттук отурумга туугандарын киргизбей жатышканын айтып нааразы болду.

10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Бир тобу үй камагына чыгып, ушул тапта 8 киши тергөө абагында отурат.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр муну четке кагып, саясий куугунтук катары сыпатташууда. Соттук жараяндар жабык өтүүдө.

Количество просмотров: 156