• Шаршемби 22 Жалган куран 2023
  • Среда 22 Март 2023

Майлуу-Сууда 2 млн 859 миң 500 сомго бааланган жер мэриянын балансына алынды

8 февраля 2023 в 13:40 Бишкек Govori.TV

Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2 млн 859 миң 500 сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Майлуу-Суу шаарынын борборунда орун алган 3 500 чарчы метр жер тилкесине укук тастыктоочу иш кагаздары алынбагандыгы жана мэриянын балансында жок экендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Майлуу-Суу шаарынын мэринин наамына аталган жер аянтын муниципалдык менчикке алуу боюнча сунуштама келтирилип, жыйынтыгында жер тилкеси муниципалдык менчиктин балансына алынды.

Теги:
Количество просмотров: 36

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда