• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Макмалалтындын” жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

5 Тогуздун айы 2022 15:34 Бишкек Govori.TV

“Макмалалтын” комбинатынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан “Кыргызалтын” ААКнун “Макмалалтын” комбинатынын филиалында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө “Кыргызалтын” ААКнун “Макмалалтын” комбинаты филиалынын жана “Кыргызалтын” ААКнун «Кыргызалтын-курулуш» филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 млн 143 миң 686 сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 113