• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мал салыгы тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынды

31 Бугу 2023 13:03 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаев соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, мал ээлерине салык салуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынганын билдирди.

«Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору коомдук талкуудан алынды. Белгиленген сандан ашкан мал жандыкка салык киргизүү, ошондой эле жер салыгынын суммасын көбөйтүү боюнча Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун дагы да болсо тереңирээк изилдеп, тактап кошумча иштеп чыгуу максатында коомдук талкуудан алынды. Эсиңиздерге сала кетсем бул демилге 80% тегерегиндеги дотацияда отурган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешесин көбөйтүүгө багытталган. Жер салыгынан болжолдуу 2,5 миллиард, ал эми мал жандыкка салыктан 1,2 миллиардтын тегерегиндеги каражат чогулмак. Чогулган каражаттын 100% тиешелүү айылдын бюджетине түшмөк.
Бул деген жайыттарды жакшыртуу, ар бир айылдагы муниципалдык, ветеринардык врач, таза суу, ички жолдор, мектеп, бала бакчаларды оңдоо жана башка иштерине максаттуу жумшалып, өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп жазат депутат.

Эске салсак, депутат Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык салуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон. Ага ылайык, эгер бир үй-бүлө 40 койдон жана эчкиден, үч баш бодо малдан жана эки жылкыдан ашык мал кармаса салык төлөөгө милдеттендирилет. Мисалы, эгер коюнун саны 41 болуп калса бирөө үчүн эмес, 41ине тең салык төгөт. Салыктын ставкасын жылына бир кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон белгилөө сунушталды.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, айыл өкмөттүн бюджетине каражат түшүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, атап айтканда, ветеринардык врачтар менен камсыз кылууга, малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүүгө, жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга ж.б. жумшалмак. Чогулган каражаттардын 100 % жергиликтүү бюджетке түшөт.

Количество просмотров: 49