• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Орунбеков: Садыр Жапаров мал-жандыкка салык салуу демилгесин колдобойт

29 Бугу 2023 12:49 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров мал-жандыкка салык салуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан демилгеленип жаткан мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомчулукта терс пикирлерди жаратууда.

Орунбеков мындай демилгени мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эместигин кошумчалады.

Ага байланыштуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет: «Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылдын апрель айында фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат.

Демек, президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле, депутаттардын мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз».

Количество просмотров: 81