Мырзабек Жыпаркулов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, Мырзабек Жыпаркулов буга чейин архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болчу. Ал бул кызматтан ноябрда кетип, анын ордуна Нурдан Орунтаев дайындалган.