• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Нурдан Орунтаев Мамкурулушка жетекчи болду

9 Жетинин айы 2023 17:28 Бишкек Govori.TV

Нурдан Орунтаев Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Орунтаев буга чейин Бишкек мэринин орун басары кызматын аркалап келген.\

Ал эми президенттин дагы бир Жарлыгынын негизинде Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Количество просмотров: 942