• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталган подполковник 12 жылга соттолду

5 Жалган куран 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

4-мартта Өзбекстандын Аскердик соту отставкадагы подполковник, Коргоо министрлигинин алдындагы «Ватанпарвар» («Патриот») гезитинин кабарчысы Владимир Калошиндин иши боюнча өкүм чыгарды.

Калошиндин Москвада жашаган кызы Анастасия Епишеванын айтымында, сот атасын «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары соттун чечими менен анын бардык аскердик наамдары алынды.

Буга чейинки отурумдарда Калошин тагылган айыптарды мойнуна албаганы кабарланган.

68 жаштагы Владимир Калошин 2019-жылы июлда камакка алынган. Ал «Ватанпарвар» гезитинде акыркы жыйырма жылдан бери иштеп келген. 2000-жылы жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо ишине салым кошкондугу үчүн «Шухрат» медалы менен сыйланган.

Количество просмотров: 56