• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган аскер кызматкери 8 жылга эркинен ажыратылды

4 Аяк оона 2023 10:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган аскер кызматкери 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мамлекеттик чыккынчылык) каралган кылмышты жасаган деп шектелген КР жараны, запастагы аскер кызматчысы С.Ф.Кнын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.

Жогорку соттун өкүмү менен кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Мамлекеттик чыккынчылык) кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт.

Количество просмотров: 123