• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишине өзгөртүүлөр киргизилди

9 Кулжа 202617:49 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынынпрезидентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 78 “президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

— Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жободо:

– 10-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

”Кыргыз Республикасынын Эл баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасын жана “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө маселелер комиссиянын жыйналышында гана каралышы мүмкүн».

Количество просмотров: 7