Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча комментарий берди.
Казакстандык блогерге берген интервьюсунда эл өкүлү Ташиевдин кетишин «мамлекеттик төңкөрүш даярдоо» аракети менен байланыштырды. Ташиев эмнеге кызматтан кетти деген суроого жооп берип жатып ал:
«Мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатышкан, президентти кызматтан алабыз деп», — деп айтып, бул анын кызматтан алынышынын негизги себеби болгонун белгиледи.
Муну депутат «парламенттин 90 депутаты билерин жана бул көп убакыт даярдалган аракет болгонун» кошумчалады.