Ош облусунун башчысынын орун басары Эрнис Толтоев Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулган эл менен сүйлөшүп жатып «Мамлекеттин кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгынан жогору туруусу керек» деген пикирин айтып, бир катар кептердин жаралуусуна себеп болду.




Интернетте тараган видеодо бир топ эл менен сүйлөшүп жаткан Толтоевге жаран, «жөнөкөй жаран катары айтыңызчы Кемир-Абаддын кетишине каршысызбы?» деп суроо узаткан.
Ага жооп берген орун басар, «Бул маселени мамлекет чечет, мамлекеттин кызыкчылыгы корголуш керек. Элдин кызыкчылыгы да корголуш керек, бирок элдин кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгы жогору туруш керек», — деген.