• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

«Манас» аэропорту эл аралык кодун BSH деп алмаштырышы мүмкүн

19 Жетинин айы 202418:59 Бишкек Govori.TV

Жакында Манас эл аралык аэропорту өзүнүн аталышындагы үч тамгадан турган FRU кодун өзгөртөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Тологонов билдирди.

Жыйында депутат Арсланбек Малиев «Манас» аэропортунун кодун өзгөртүү маселеси кайсы этапта экенине кызыкты.

Ага жооп берген Тологоновдун айтымында, Кыргызстандын аэропортунун FRU менен үч тамгадан турган уникалдуу идентификатору BSH болуп өзгөртүлөт.

«Биз бул ишти аяктап калдык, учактары “Манас” аэропортуна конгон бардык авиакомпаниялардын макулдугун алдык. Азыр IATA менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө»,
— деди Төлөгөнов.

Малиев процессти тездетууну суранды.

Количество просмотров: 113