• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

“Манас” аэропортунда каттамдар кармалууда

26 Үчтүн айы 202110:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-январь эртең мененки убакыттан бери «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында туманга байланыштуу айрым каттамдар кармалып жатат. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туманга байланыштуу Алматы-Бишкек-Алматы, Ош-Бишкек каттамдары боюнча учактар кармалып жатат.

Жүргүнчүлөр каттамдар тууралуу суроолорду 0(312)693109 номуру аркылуу тактай алат.

Количество просмотров: 161