“Манас” эл аралык аэропортунун аймагында бүгүн, 16-декабрда калың туман байкалууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы «Кабар» агенттигине билдирген.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу каттамдар убактылуу кармалууда. Учурда көрүү 50 метрди түзүүдө.
“Аэропорт баардык жүргүнчүлөрүн жана конокторду түшүнүү менен кабыл алууну суранат. Коопсуздук баарынан артык! Каттамдар боюнча маалыматты 0 312 693109 телефону боюнча сурап-билүүгө болот”, — деп айтылат маалыматта.