• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Манас айылы» боюнча ачык сынактын жыйынтыгы чыкты

19 Теке 2022 17:13 Бишкек Govori.TV

Калыстар тобу “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо долбоорун иштеп чыгууга ачык сынактын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу “Бишкекбашкыархитектура” башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачык сынактын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда жалпы 14 долбоор келип түшкөн.

Калыстар тобу добуш берүүнү үч баллдык баалоо тутуму боюнча өткөрүү чечимин кабыл алып, баллдарды эсептөө үчүн бир добуштан калыстар тобунун мүчөлөрүнүн ичинен эсептөө комиссиясы түзүлгөн.

Эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл берилген 3 долбоор аныкталды.

Долбоорлордун автордук жамааттарына шифр менен төлөө (кыска тизме) төмөндөгүдөй :

2022– 1,5 млн сом;

5853–1 млн сом;

2526–250 миң сом;

5899 – 250 миң сом.

Бирок калыстардын пикири соңку чечим эмес. Жеңүүчүнү Президенттин иш башкармалыгы төрт эскиздин ичинен тандап алат. Биринчи орунду алгандарга мындан аркы долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө укук берилет.

Количество просмотров: 814