Көк бөрүчү Манас Ниязов жаңы келишим менен Кыргызстандын биринчи лигасындагы “Ала-Тоо” командасына өттү. Бул тууралуу Улуттук көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков билдиргенин Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Ниязов 3-ноябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган “Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу — 2020” мелдешине “Ала-Тоо” командасынын курамындагы оюнчу катары кирген.
Көкбөрүчүгө байланышып, маалыматты тактагыныбызда ал бул суроого жооп берген жок.
Белгилей кетсек, Ниязов 2016-жылы «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу» аталган, курама команданын жана «Достук» тайпасынын курамында бир нече ирет кан кызыткан беттеште сыйлык-наамдарга татыган.