23-июнь күнү саат 3:30 чамасында Манас шаарындагы Курманбек жана Качкынбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, Tico автоунаасынын айдоочусу ошол жерден жан берген. Ал эми экинчи BMW X5 унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.
«Tico автоунаасы Качкынбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй келе жатып, Курманбек көчөсү менен келе жаткан BMW X5 автоунаасынын жолуна чыгып кеткен. Натыйжада экөө кагышып, «Тиконун» айдоочусу 46 жаштагы Ж.Э. кырсык болгон жерде каза болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары Сузак районунун тургуну, 18 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалган. Ал Манас шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө тобуна өткөрүлүп берилди», — деп жазылган маалыматта.
Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.